7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жанар Акаев жарандардын “снос” боюнча кайрылууларын угуп, өз көзөмөлүнө алды

319

Жанарбек Акаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алып, өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар негизинен турак жай, курулуш, жер маселеси, коммуналдык кызматтар, коомдук транспорт жана имараттарды бузуу (снос) боюнча көйгөйлөрү менен кайрылышкан.

Ошондой эле жакында жаңы жайга көчүрүлгөн “Келечек” базарынын соодагерлери инфраструктураны жакшыртуу жана тиешелүү шарттарды түзүү боюнча сунуштарын айтышты.

Шаар башчысы ар бир кайрылууга жооп берип, маселелерди чечүү жолдорун кароону тиешелүү кызматтарга тапшырды жана көтөрүлгөн маселелерди жеке көзөмөлүнө аларын белгиледи.

320