7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кант кошулган суусундуктар онкологиялык ооруларга алып келет»

161
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында калктын ден соолугун сактоо максатында кант кошулган суусундуктарды көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Анын айтымында, жасалма суусундуктар керектөөчүлөрдүн ден соолугуна дароо зыянын тийгизбеши мүмкүн, бирок анын таасири убакыттын өтүшү менен байкалат.
«Бул маанилүү. Азыр жасалма кола ичип, “Бир айдан же бир жылдан бери ичип жатабыз, эч ким өлгөн жок, эч нерсе болгон жок” деп жатышат. Бирок анын кесепети 10–15 жылдан кийин өнөкөт оорулар, онкологиялык оорулар түрүндө билинет. Бул өтө маанилүү, анткени адам дароо ууланбайт. Бүгүн ичет, эртең дагы ичет, айрыкча балдар — алар мындай суусундуктарды жакшы көрүшөт. Эгерде алар жасалма коланы дайыма колдонушса, бул эртеби-кечпи өнөкөт ооруларына алып келет. Бизге мунун эмне кереги бар? Ошондуктан биз катуу чараларды көрүүнү көздөп жатабыз», — деп баса белгиледи Салык кызматынын башчысы.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

162