Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Шыкмаматов Алмамбет Насырканович берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын инвестициялар министри ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин бир катар ММКлар Алмамбет Шыкмаматов шайлоого бараарын жазышкан, бирок кызматтан кетүүсүнүн себебин өзү ачыктай элек.
Ал Президенттин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлигине ушул жылдын 11-февралда министр болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Ага чейин, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» фракциясынын лидери болгон. Ал эми 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынан талапкер болуп катышкан.
Ал эми президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.