7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Си Цзиньпин Садыр Жапаровду Кытайга келип кетүүгө чакырды

377

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

“Үстүбүздөгү жылдын июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун Астана саммитинде биз кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүнү илгерилетүү боюнча жолугушуу өткөрдүк жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы доордогу багыттарын аныктоо менен жогорку сапаттуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча макулдашууга жетиштик.

Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң маани берем жана сиз менен түзүлгөн жакшы иштиктүү мамилелерди жана жеке достукту жогору баалайм жана келерки жылы эки тарапка тең ыңгайлуу убакта Кытайга келип кетүүгө чакырам. Сизге ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалайм! Достук мамиледеги Кыргызстан элине бакубатчылык каалайм”, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

378