7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Синтетикалык баңгизат сатып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн топ кармалды

442

«Telegram» мессенджери аркылуу синтетикалык баңгизаттарды сатууга көмөктөшкөн криптовалютанын ээлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

4-мартта Бишкек шаарында «Telegram» мессенжери аркылуу «мефедрон», «туз», «кристалл» синтетикалык баңгизаттарын сатышып, криптовалюталык кызмат көрсөткөн адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «крипто алмашуучулардын» тобу кармалып, алардан көп сандагы банк карталары, уюлдук телефондор жана сим-карталар, ошондой эле ири өлчөмдөгү «мефедрон» баңгизаты табылып алынды.

Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген жана “крипто алмаштыргычтар” аркылуу ортомчулук кызмат көрсөткөн беш жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК кылмыштуу топторго «Telegram» жана «крипто алмаштыргычтар» аркылуу баңгизаттарды таратууда жана сатууда жардам көрсөтүү мыйзамсыз экенин жана кылмыш жоопкерчилиги караларын эскертет!

443