7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Синтетикалык дары-дармек өндүрүп, жаштарга саткан жаран кармалды

604

Кыргызстандын аймагында «Мефедрон» аталышындагы синтетикалык дары-дармектерди чыгаруу боюнча турукташкан баңги тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «А.И.» аттуу жаран жетекчилиги алдында дары-дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары лабораториясынын иштөөсүн уюштуруу менен, жаштардын арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын түзгөн. Ал мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 2021-жылдын 16-апрелинде кармалган. Ал эми 18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту №1-тергөө камак жайына 2 айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.

Маалымат үчүн: баасы 1 гр. Болгон “Мефедрон” Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт, аны колдонуу адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна, нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

605