7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сириядан 95 кыргызстандык жаран өлкөгө алып келинди

275

Бүгүн, 30-августта Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерден Кыргызстанга 95 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекенине кайтарылып келгендердин 31и аял, 64ү өспүрүм жана кичинекей балдар болуп саналат. Алар Кыргызстанга атайын учак менен алынып келген.

Аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстандын делегациясы Сириянын түндүк-чыгышында жашаган элге керектүү дары-дармектерди жеткирип, гуманитардык жардам көрсөткөн.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтарууда АКШнын өкмөтү, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл крест комитетине көмөк көрсөткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

276