7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сиз эмнеден коркосуз? Фобиялар тууралуу билип алыңыз

621

Сизде коркуу сезими барбы? Ооба деп ойлосок жаңылбайбыз, анткени коркуу дээрлик ар бир адамга мүнөздүү. Бирок коркуу деген эмне? Адамдын кандайдыр бир окуя же башка адам ага зыян келтириши, коркунуч туудурушу, ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келтириши мүмкүн деген ишениминен улам келип чыккан терс эмоция болуп саналат. Бүл макаладан коркуунун(фобиянын) түрлөрү менен таанышып алыңыз.

• Социалдык фобия – бул уятка калуудан же кемсинтүүдөн коркуп, башка адамдардын алдында бир нерсе кылуудан коркуу. Социофобдор көбүнчө коомдук дааратканалардан, жада калса коомдук тамактануучу жайлардан да качышат. Бул көбүнчө өспүрүм куракта башталып, өмүрүңүздүн калган бөлүгүнө да таасир эте турган жалпы көйгөй. Социалдык фобиянын уялчаактык менен эч кандай байланышы жок.

• Никтофобия – караңгылыктан, караңгы бөлмөгө кирүүдөн, жарыксыз көчөдө же парктын аллеясында баса албоо сыяктуу акылга сыйбас фобия. Адам караңгыда эмне болуп кетиши мүмкүн деп ойлоп, фантазиясы анын фонунда коркунучтуу сүрөттөрдү көрсөтө баштайт. Эгерде караңгылыктан коркуу сезими бала кезинде эле кетпесе, контролсуз никтофобия жүрөк-кан тамыр патологиясын жана борбордук нерв системасынын бузулушуна түрткү болушу мүмкүн.

• Онунчу кабаттан терезеге карагандан коркосузбу? Ал эми учакта учуу сиз үчүн эң коркунучтуу кыйнообу? Балким, сиз акрофобиядан жапа чегип жаткандырсыз. Акрофобия — бул бийиктиктен коркуу. Ал менен ооруган адам бийиктикте турганда көңүлү айланып, башы ооруйт. Бийиктикте баш айлануу — бул кадимки эле физиологиялык нерсе десе болот. Бирок акрофобдор кулап калуу коркунучу жок кезде да коркушуп, ал фобияга айланып калат.

• Аутофобия — жалгыздыктан коркуу. Заманбап коомдо аутофобиянын көп себептери болуп жакын адамын жоготуу менен байланышкан травматикалык жагдайлар, ошондой эле бала кездеги тарбиядагы каталар саналат. Фобия мегаполистердин жашоочуларынын арасында популярдуу болуп баратат, алар туруктуу жумуштун атмосферасында болуп, зеригүү, ыңгайсыздык, тынчсыздануу жана өзүнүн пайдасыздыгын сезе башташат.

• Трипофобия — майда тешиктерден патологиялык коркуу болуп саналат. Жада калса кадимки тешикчелүү шоколад же бал уюгу да азап чеккендердин үрөйүн учуруп алардын психикалык абалына олуттуу таасир этиши мүмкүн. Дүйнө калкынын болжол менен 16%ы майда тешиктер фобиясы менен ооруйт. Оорулуулардын 10% ы теринин кычышуусун, күйүшүн, жийиркенүүнү, жүрөктүн айлануусун жана териде сойлоп жүрүү сезимин сезишет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

622