7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сочиде Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылышы мүмкүн

282

Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин Ош шаарындагы Россиянын жаңы дайындалган башкы консулу Роман Свистин менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалым болгондой,  жолугушуунун жүрүшүндө Роман Свистин Алмаз Имангазиевге консулдук патенттин түп нускасын тапшырды.

Тараптар консулдук чөйрөдөгү кыргыз-россиялык кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде Сочи шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугун түзүү маселесин ишке ашырууну талкуулашты.

Эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштин алкагында компетенттүү органдардын ыкчам өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, консулдук чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө жана бекемдөөгө болгон өз ара даярдыгын ырасташты.

283