7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Согуш ардагерлерине президенттин атынан 100 миң сомдон берилди

773

Бүгүн, 8-май күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарындагы жалгыз согуш ардагери Сафин Гаффан менен концлагердин туткуну Валентина Симоненкого президент Садыр Жапаровдун атынан 100 миң сомдон, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сомдон акча каражаты тапшырылды.

Шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин депутаты Максат Жусупбеков акчаны тапшырып, ардагерлерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, алардын эрдиги эч качан унутулбай турганын белгилешти.

Андан соң шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова жана шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Айзат Раматиллаева Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын жесирлеринен кабар алып, азык-түлүк баштыктарын беришти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынан Уулу Ата Мекендик согушка 10 миңден ашуун адам аттанып, анын 5024 кайтып келген. Учурда калаада бир согуш ардагери, 1 концлагер туткуну жашайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774