7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти кыргыз элин Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады

333

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бул дата биздин мамлекеттерибиздин тарыхына бир тууган өзбек жана кыргыз элдери жалпы душманга каршы денеси жана жаны менен да баатырларча күрөшкөн согуштагы даңктуу жеңиш катары алтын тамгалар менен жазылган. Адамзатка тынчтык, бейпилдик сыяктуу баа жеткис жакшылыктарды тартуулаган ардагерлерибизге, ата-бабаларыбызга жагымдуу шарттарды түзүп берүү бүгүнкү муундар үчүн боорукердик жана урмат көрсөтүү бир эле учурда милдет дагы, парз дагы”, — деп айтылат куттуктоодо.

Шавкат Мирзиёев ошондой эле Өзбекстан менен Кыргызстандын элдеринин ортосундагы көп жылдык достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк биргелешкен күч-аракеттер менен мындан ары да ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.

Ал Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, жооптуу мамлекеттик ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

334