7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулук районундагы 436 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды

317

Сокулук районундагы Военно-Антоновка айыл  аймагында жайгашкан аянты 436 гектар жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Такталгандай, 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Рассвет» биргелешкен чарба эч кандай укук белгилөөчү документтери жок 436 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алып, пайдаланып жүрүшкөн, ал жер мурда жарандарга «Рассвет» колхозунан жер үлүшү катары берилген болчу. Белгилей кетсек, «Рассвет» колхозунун бар болгону 3251,5 гектар жери бар экендиги, анын ичинен 2133 гектары сугат айдоо жана 1118,5 гектары кайрак айдоо жерлери болуп саналат, алар 1992-1995-жылдары «Рассвет» колхозунан үлүш катары берилүүгө тийиш болгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 436 гектар жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК тарабынан жерлерди алдамчылык менен алектенген адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

318