Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Курбанбек Айтибаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.