Сокулук районунун тургуну О.Н. кызганычтан улам аялын сабап өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-майда болжол менен саат 23:20да Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылган. 28 жаштагы Ж.Э. аттуу келиндин денесинен ар кандай жаракаттар келтирилгени аныкталган.
Кылмышка шектелип келиндин 38 жаштагы күйөөсү кармалды. Милициянын билдирүүсүндө, үй-бүлөдө кызганычтан жаңжал чыгып, күйөөсү аялын сабап өлтүргөн.
Шектүү учурда Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.