7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта 43 млн сомдук жөнгө салуучу бассейн мамлекетке кайтарылды

224

Сокулук районунда 43 миллион сомдук жөнгө салуучу бассейн мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук райондук көзөмөл органы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы жалпы аянты 12,3 гектар болгон жөнгө салуучу бассейн 2005-2006-жылдары мурдагы Крупская айыл өкмөтү тарабынан мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокурордук чаралардын натыйжасында мөөнөтсүз мамлекеттик акт жасалып, жалпы баасы 43 млн сомго деп бааланган жөнгө салуу бассейни толугу менен мамлекеттин менчигине кайтарылды.

225