Бүгүн, 30-октябрда Чүй облусунда мектеп, бала бакча жана сейил бактын курулушуна КР УКМК төрагасынын орун басары генерал-майор К.Авазов капсула салды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Кожомкул айыл аймагындагы “ВОССТ-2” конушунда 750 орундуу мектеп, 120 орундуу бала бакча жана сейил багы курулат.
«Курула турган социалдык объектилер эл аралык билим берүү стандарттарына толук жооп берет. Алар мектеп окуучуларынын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бардык керектүү шарттар менен жабдылат. Ал эми бала бакча балдардын коопсуздугу, эс алуусу жана өнүгүүсү үчүн уктоочу жана оюн зоок бөлмөлөрү, музыкалык залдар жана медициналык бөлмөлөр менен камсыз болот. Аймакта заманбап оюн аянтчалары орнотулуп, коопсуз жана ыңгайлуу шарттар түзүлөт», — делет маалыматта.
Белгилей кетсек, жогорудагы оъектилерди курууну КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев демилгелеген.



