Сокулук районунда тоого кеткен 50 жаштагы аңчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-декабрда Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Кичи-Тоо» тоосунан изделип жаткан З.Д. аттуу аңчынын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды. 50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.
Эске салсак 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган Александр Браун жана 1972-жылы туулган Забунов Дмитрий аттуу 2 эркек киши «Кичи-Тоо» тоосуна аңчылыкка чыгышкан.
Ошол эле күнү жарандардын бирөөсү тоодо текенин артынан кеткен бойдон бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз болуп жаткан.