7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта электр тармагынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

582

Сокулук райондук электр тармагынын (РЭТ) участкасынын башчысы пара катары акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурда А.А.С. аттуу жаран Сокулук райондук электр тармагынын дарегине, жергиликтүү тургундардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратып, анын аймагынан өткөн өзүнчө электр чубалгыларын жылдыруу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, аталган РЭТ кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен оңдоо иштерин жүргүзүүдөн жана электр зымдарын өткөрүүдөн баш тартышкан. Натыйжада, жогорудагы маселени чечүү үчүн А.А.С. аттуу аталган жарандан опузалап 20 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 7-октябрь күнү Сокулук районунун аймагынан, Сокулук райондук электр тармагынын аймактык башчысы Б.Э.О. 20 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

583