7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

829

Сокулукта 48,5 га жайыт жер тилкеси мыйзамсыз убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй областынын Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан Жер кодексинин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча органдары” жөнүндө мыйзамынын аткарылышы боюнча Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөттүн 2003-жылдагы чечими менен Т.Ж. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө 48,5 га жайыт жер тилкеси убактылуу колдонуу үчүн 49 жылга берилип кеткендиги аныкталган.

Прокурордук актынын негизинде, жыйынтыгы менен Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен жогоруда аталган 2 млн 425 миң сомго бааланган 48,5 га жайыт жер тилкеси айыл өкмөттүн балансына кайтарылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

830