7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта өспүрүм кызга ыдык көрсөтүп жүргөн жаран кармалды

681

Сокулукта өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча кылмыш ишин козголгон. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы менен 25-апрелде кылмышка шектелип 43 жаштагы А.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинде (ыплас аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен айыбы угузулуп, Сокулук райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

682