7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулуктагы Күн-Туу айылында 140 орундуу бала бакча курулду

290

Сокулук районунун Күн-Туу айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Объекттин курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган жана жакын арада айылдын кичинекей тургундары үчүн өз эшигин ачат.

Жаңы бала бакча заманбап эки кабаттуу имараттан туруп, 140 балага ылайыкталган. Анда балдардын ар тараптуу өнүгүүсү жана санитардык нормалардын сакталышы үчүн бардык шарттар каралган. Бала бакчада атайын оюн жана окуу бөлмөлөрү, уктоочу бөлмө, ашкана, музыкалык зал жана медициналык кабинет бар.

Мындан тышкары, бала бакчанын аймагында коопсуз оюн аянтчасы орнотулган. Объекттин тендердик баасы 54 млн сомду түзөт.

Күн-Туу айылындагы бала бакчанын курулушунун аякташы аймакта мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча маанилүү кадам болуп саналат.

Курулуш министрлиги социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана өсүп келе жаткан муун үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.

291