Чүй облусунун Кемин районунда мыйзамсыз менчиктештирилген Кыргызстандын химия-металлургиялык комбинатынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
2002-жылы аталган завод «Талер-Сан» ЖЧКсы тарабынан башкы директору Э.А. 100 сом суммадагы акча каражатына символикалык түрдө мыйзамсыз менчиктештирген.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан аянты 6066 м2 жана ага чектеш 2 га КХМЗнын 5-цехи ыктыярдуу түрдө Орловка шаарынын балансына өткөрүлүп берилди.