Жалал- Абад облусуна караштуу Аксы районунда Кара-Суу айыл аймагындагы Жеңижок атындагы орто мектептин 7-классынын окуучусу көз жарды. Бул маалыматты Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу тастыктады.
“Бул окуя жайында каникул учурунда болгон экен. Окуучу кыз таңкы саат 04:00дө ооруканага келип төрөгөн. Ал мектебиндеги эң алдыңкы окуучулардын бири болгон. Буга чейин сабактарга калбай келип, ар кандай маданий иш-чараларга катышып жүргөн. Бул боюнча азыр тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат”,- деп билдирген Талант Эмилбек уулу.
Ал эми, Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери 102 телефон аркылуу кабарлап, 1-апрель күнү саат 07:00 чамасында Аксы районунун Кара-Суу айылынын тургуну 2007-ж.т. А.Ж. Аксы аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө келип төрөгөндүгүн билдирген.
Бул маалымат Аксы РИИБдин маалымат каттоо электрондук журналына «16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашта болуу» болуп катталган.
Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.