7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сологой адамдар тууралуу кызыктар

554

Сологойлор өзгөчө адамдар катары саналышат, айрыкча батыш өлкөлөрүндө. Айрым ийгиликтүү адамдар сологойлор болгону талашсыз. Алсак, Альберт Эйнштейн, Усама бен Ладен жана Джек Потрошитель.

Сол колу негизги кыймылдарды аткаруучу адамдар тууралуу кызыктуу фактылар.

  • Жер калкынын 10-12%ы сологойлор.
  • Сологойлор арасында аялдарга караганда эркектер басымдуулук кылат.
  • 13-август – Эл аралык сологойлор күнү.
  • Бир нече булактардын маалыматына ылайык, сологойлор оң колдууларга караганда 9 жылга аз жашашат.
  • Абройлуу изилдөөчүлөр сологойлор алкоголизмге, шизофренияга берилип жана китеп окууга жөндөмсүз келишери тууралуу ырасташкан.
  • 40 жашында төрөгөн аял 30 жашында төрөгөн аялга караганда сологой бала төрөшү мүмкүндүгү 130%.
  • Чыгыш маданиятында сол кол «таза эмес» катары саналат.
  • Дүйнөнүн бир катар жерлеринде азыркыга чейин сологой балдарды өзүнө ыңгайлуу кол менен кыймылдаганы үчүн жазалап келишет.
  • Сологойлор демейде он жакты карап турган жандыктардын сүрөтүн тартышат.
  • АКШда окуу жайлардагы жогорку жетишкендиги үчүн сологойлорго атайын стипендия берилет.
  • Изилдөөлөр көрсөткөндөй, оң колдуулар сол кол менен жазганды үйрөнгөнгө караганда, сологойлор оң кол менен жазганды тез үйрөнүшөт.
  • Жер шарынын калкынын 1 гана пайызы эки колу менен бирдей кыймылдай алышат. Аларды амбидекстрлер деп аташат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

555