Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин мыйзамсыз иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери Б.Э.Ю. жана П.К. мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен ар кандай экспорттолуучу товарларга товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды беришип, кээ бир жеке чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыктык базаны төмөндөтүп көрсөтүүнү документтештирүү үчүн шарттарды түзүп беришкен.
Тактап айтканда, көмүрдү экспорттоо менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъектилер акчалай сыйлык үчүн, жасалма документтердин (эсеп-фактуралар, тапшырык кагаздары жана келишимдер ж.б.) негизинде жогоруда аталган Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн 1 кг үчүн 1-1,5 сомду түзгөн көмүрдүн БСШ сорту деп жасалган товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды алышкан, ал эми иш жүзүндө базар баасы 1 кг үчүн 10-12 сом болгон көмүрдүн БК маркасы экспорттолуп турган.
Мындан тышкары, алар тарабынан Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрү көрсөткөн кызматтардын негизинде салык органдарына кассалык түшүүлөр боюнча финансылык отчеттуулукту берүүдө иш жүзүндөгү кирешелер системалуу түрдө кем бааланып келген, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү өлкөнүн бюджетине түшкөн эмес.
Мындан тышкары, импорттук жана экспорттук товарлардын шайкештик сертификаттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр негизинен анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн, ал жерде ал уюштуруучу же директор болгон.
Буга байланыштуу 12-ноябрда анын үйүндө, ошондой эле ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ишке тиешелүү документалдык материалдар, 28 миң АКШ доллары, 1 миллион 997 миң сом жана 99 миң рубль, печаттар, кыймылсыз мүлккө документтер табылып алынды.
Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.