Соода жүргүзүү үчүн патенттин негизги суммасы бекитилди
21
Мамлекеттик салык кызматы Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы токтомуна ылайык, салык мыйзамдарынын жаңы ченемдери бекитилгендигин билдирди.
Документке ылайык төмөнкүлөр бекитилген:
– соода ишмердүүлүгү үчүн патенттин негизги салык суммасы;
– өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын ставкалары;
– өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык колдонулуучу базарлардын жана кичи базарлардын реестри.
Тактап айтканда, базарларда жана кичи базарларда, ошондой эле аянты 30 чарчы метрге чейинки стационардык соода жайларында иштеген ишкерлер патент боюнча иш жүргүзө алышат. Ал эми соода борборлорунда жана өзгөчө режимдеги соода аймагында иш жүргүзгөн субъекттер патенттик системаны колдонууга укугу жок.
Бир соода орду үчүн патенттин ставкасы туруктуу болуп эсептелет жана соода аянтына же учурдагы календардык жылда алынуучу кирешенин көлөмүнө жараша аныкталат.
Патенттик система боюнча иш жүргүзүү үчүн ишкер жергиликтүү салык органына тиешелүү арыз менен кайрылууга тийиш. Патентти салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу, мобилдик банкингдерден, төлөм терминалдары же жергиликтүү салык органдары аркылуу алууга болот.