7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соодагерлерден акча чогулткан. Орто-Сай базарын тейлеген салыкчы кармалды

531

Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, Орто-Сай базарынын соодагерлеринен акча каражаттарын системалуу түрдө мыйзамсыз өндүрүп жүргөн фактылар аныкталды.

«Салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери С.Э.М. жергиликтүү салыктарды жыйноо боюнча жүктөлгөн функционалдык милдеттерине карабастан, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, жеке баюу максатында Орто-Сай базарынын соодагерлеринен мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенип, аны менен ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзгөнү такталды. Салык кызматкерлеринин мындай аракеттери базардагы соодагерлердин нааразычылыгын жаратып, жалпысынан жүргүзүлүп жаткан салык реформасына, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүүгө терс таасирин тийгизүүдө»,- деп берилет маалыматта.

13-декабрда козголгон кылмыш ишинин алкагында чогултулган материалдардын негизинде салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын кызматкери кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары уланууда.

532