7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соодагерлерге 2024-жылдын июлуна чейин патент менен иштөөгө уруксат берилди

527

Президент Садыр Жапаров «Дордой» базарына келип, ишкерлер менен жолугушту.

Өлкө башчысы жеринде контролдук кассалык машиналарды (ККМ) колдонуудан бошотуу жана салык саясатындагы реформаларга нааразычылыктарын билдирип чыккан ишкерлер менен сүйлөшүп, алардын сунуш-пикирлерин укту.

Жыйынтыгында президент базарларда патент менен иштөө системасын 2024-жылдын июлуна чейин калтырууну убадалады.

“Буга чейин кандай иштеп келсеңер, июлга чейин ошондой иштеп тургула. Мен өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөрөм, ал жерге салыкчылар, ишкерлер тарабынан дагы делегаттар чакырылат. Биз кеңешип туруп, кийинки кадамдар тууралуу чечим кабыл алабыз”, — деп баса белгиледи өлкө башчы.

 

 

 

528