Грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, ал 4-декабрга чейин, тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду.
Белгилей кетсек, Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Иминовго “кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылап турган” деген айып коюлган.