7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот: Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч кылмыш иши бир өндүрүш катары каралат

385


Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевге карата козголгон үч кылмыш иши бириктирилип, сотко чейинки бир өндүрүш катары каралат. Мындай чечим бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров тарабынан кабыл алынды.


Бирок судья эмне үчүн мындай чечим кабыл алганын түшүндүргөн эмес. Ал эми айыпталып жаткандар буга каршы экенин айтууда.


Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдиргендей, Кой-Таш окуясы, Кой-Таш айылындагы жерлер боюнча коррупциялык иштер жана мыйзамсыз кирешелерди адалдаштыруу иштери бириктирилди.


Жолдубаева кошумчалагандай, отурумга айыпталуучулар Алмазбек Атамбаев, Албек Ибраимов жана Рыспек Карыпбек уулу келбегендиктен, процесс 27-ноябрга жылдырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

386