7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүн 20 жылга кесип, 120 миң сом айып салды

658

Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда мурдагы жубайы Асел Ногойбаеванын кулак-мурдун кескилеген Азамат Эстебесовдун иши боюнча соттук отурум өтүп, сот өкүмү чыккан. Сот Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыраткан. Прокуратура Азамат Эстебесовдун иши боюнча Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз жолдогон.

Жогорку Сот Чүй облустук сот чечим чыгарганын билдирди.

«8-апрелде Чүй облустук сотунун Кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Сокулук райондук сотуну 26-январындагы ага карата кабыл алынган өкүмү өзгөртүлүп, Сокулук райондук прокуратурасынын сунушу канааттандырылып, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп табылып, 500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтү түзгөн айып, башкача айтканда 50 миң сом айып салынды жана 77-беренесинин талабына ылайык, белгиленген жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен ага биротоло 120 миң сом айып салуу менен 15 жылга эркиндигинен ажыратылды. 78-берененин негизинде өкүмдөрдүн жыйындысы менен биротоло шектүүгө карата — 120 миң сом айып салуу менен 20 жылга эркиндигинен ажыратылып жана ал жазаны катуу тартиптеги абакта өтөөсү белгиленди. Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды»,- деп берилет билдирүүдө.

26-январда Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга кесип, 80 миң сом айып салып, жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

 

 

 

659