7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот өкүмү: Салык кызматынын мурдагы жетекчилерине 400 миң сом айып салынды

215

Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповго жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычовго соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Ошентип, А.А.К. Ленин райондук сотунун 25-декабрдагы өкүмү менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 400 000 сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Ошондой эле белгилүү бир кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылды.

К.И.Н. ушул эле берене боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 300 000 сом айып пул салынды жана кызматтык чектөөлөр коюлду.

Мындан тышкары, А.А.К. жана К.И.Н. атайын наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылышты.

А.А.К. жана К.И.Н.га карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин эч жакка кетпөө тууралуу кол койдурууга өзгөртүлдү.

216