Ысык-Көл районунун Бостери айылында сот аткаруучусу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын октябрь айында 35 жаштагы У.У. арыз жазып кайрылган. Ал кыймылсыз мүлктү аукциондо сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген сот өкүмүн аткаруучуга жана банк кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.
«2021-жылы март айында кылмышка шектүү жаран кармалган. Бул Ысык-Көл облусунун Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн сот аткаруучусу, Бостери айылынын 40 жаштагы тургуну А.Э. экени аныкталган. Ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмышка шектүү катары маалымат берилген. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке 4 миллион 500 миң сомдон ашуун зыян келтирилген», — деп берилет маалыматта.