7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сот Ош мэриясын айыпка жыкты

795

Ош шаардык мэриясына караштуу Керме-Тоо аймактык башкармалыгынын мурдагы кызматкери Айнура Азимова 7-каналга кайрылып, мыйзамсыз алынган жумуш ордун калыбына келтире албай жатканын билдирди.

Айнура Азимова Керме-Тоо аймактык башкармалыгына караштуу 218-кварталдын башчысы болуп эмгектенген. Айтымында 6 ай мурда ал тейлеген аймак газ түтүгүн жеткирүү иштерин алып барбаган деген негизде иштен алып койгон. Бирок Азимова шаардык соттон, андан соң облустук соттон да жеңип чыгып, иш ордун калыбына келтирген.

“Мени мыйзамсыз, эскертүүсүз эле иштен алып коюшту. 3 ай мурда Ош шаардык соту кызмат орду калыбына келтирилсин жана 30 миң сом эмгек акым төлөнүп берилсин деп чечим чыгарып берди. Бирок мэрия аны аткарган жок. Кийин Ош облустук сотунан да мен утуп чыктым. Андан бери 6 ай өттү. Сот чечимди аткарууну Ош шаардык мэриясына милдеттендирди. Ошондо мага иштебей калган 6 айга 60 миң сом төлөп, мурдагы кызмат ордуму калыбына келтирүүсү милдет. Азыр вице-мэр маселеңизди чечебиз деп убада берип жатат. Бирок буга чейин менин жетекчилигим соттун чечимин аткарбай келди”- дейт Азимова.

Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы тастыктады. Сот арыздануучу Айнура Азимова тарапка чечип берген. Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаевге кайрылганыбызда ортодо түшүнбөстүк болгонун, жөнгө салынарын жана кызматкердин көйгөйүн чечүүнү өз көзөмөлүнө аларын убада кылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

796