7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Санжар Мыкыев: Гүлзат Мамытбекти сотко берейин деп жатам

900

Блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасына ыйлап кайрылуу жасаган. Анда ал иш-чарада сүйлөп жатканда анын микрофонун өчүрүп салышканын айтып, «Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровго кандай жамандык кылдым»,- деген. Ошондой эле ал кыргыз элине, катталуучуларына ыраазычылык билдирип, уюштуруучулар кечирим сураганын айткан.

Ал эми, алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев өзүнүн баракчасына бул окуя боюнча түшүндүрүп, тиешелүү органдарга арызын жазганын билдирди.

«Бир күн бою унчуккан жокмун… Бир гана мага тиешелүү болсо чыдамакмын, бирок бала-чакам, ата-энеме чейин каргап жатасыз. Биз айда бир иш-чараларда көрүшүп, жылмайып учурушып калчубузго. «Санжар Мыкыевге эмне кылдым?» деп эмнеге айттыңыз билбейм. 2 миң адам, бүт блогерлер болгон жердеги боюнча калп айтыптырсыз. Элдин оюн манипуляция кылып, кыргыздын жалпы барына мени ит эле кылдыңыз. Азыр бир тараптуу ойлонгон элибиз сизди эле укту да. Эжекенин өз кызыкчылыктары барбы, курсуңузду жарнамалай баштадыңыз, балким ошого пайдасы тийип жатабы деп унчукпай коёюн десем, кечээги видеону ТикТокко жүктөп койдуңуз. Кадыр-баркка шек келтирүү боюнча мен сизди сотко берейин деп жатам. Тиешелүү органдарга арызымды жаздым»,- деди ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

901