7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Соцфонддун автоматташтырылган системасы ишке кирди

16

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевди кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө минкаб башчысына өлкөнүн пенсиялык системасын реформалоонун негизги этабы болуп саналган Социалдык фонддун жаңы автоматташтырылган маалыматтык системасы тааныштырылды. Белгиленгендей, автоматташтырылган система Социалдык фонддун ишин модернизациялоого жана натыйжалуулугун жогорулатууга, калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуу убактысын кыскартууга жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө түзөт.

Автоматташтырылган система пенсияны жол-жоболоштуруу процессин кыйла жөнөкөйлөтүп, жарандарды кагаз түрүндөгү документтерди чогултуудан бошотот. Система керектүү маалыматты автоматтык түрдө чогултуп, жарандардын арыздарын кароо убактысын кыскартат. Мындан тышкары, система персоналдык маалыматтарды жогорку деңгээлде коргоону камсыздайт жана ар кандай кибер коркунучтарга туруштук бере алат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Социалдык фонддун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу маселелер да талкууланды.

Адылбек Касымалиев Социалдык фонддун ишмердүүлүгүндө реформаларды ырааттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ведомствонун артыкчылыктуу багыты пенсионерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат деп кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

17