7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Антикризистик комитет түзүлдү. Аны ким жетектейт?

623

Министрлер кабинетинин чечими менен Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитет түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Анын негизги милдети – өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген дүйнөдө болуп жаткан окуяларга ыкчам чара көрүү үчүн антикризистик башкарууну түзүү.

Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Антикризистик комитеттин төрагасынын орун басары болуп бекитилди.

Антикризистик комитеттин курамына Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын бир катар жетекчилери кирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

624