7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлер кабинети: Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомуна берилген 9 гектар — мамлекеттин менчиги

356

«Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомдун капиталдык курулушуна өлчөмү 9 гектар жер тилкесин мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүүнү караган Министрлер кабинетинин токтомунун долбооруна тийиштүү Министрлер кабинети билдирүү таратты.

Аталган жер тилкеси мамлекеттин менчигиндеги объект болуп саналат жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагында турат. Өлчөмү 9 гектар жер тилкесин мөөнөтү 49 жылга акысыз пайдаланууга берүү мүмкүндүгү каралып жаткан “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому “Кыргызнефтегаз” акционердик коомунун туунду компаниясы болуп саналат, андагы мамлекеттин үлүшү 85 пайызды түзөт.

Бүгүнкү күндө “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому жана “Элдик” мамлекеттик ишканасынын ортосунда аталган жер тилкесине мөөнөтү 10 жылга узак мөөнөттүү ижара келишими түзүлгөн. 9 гектар жер тилкесин 49 жылга узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүдө мамлекет аталган жер тилкесине менчик укугун жоготпойт. Аталган жер тилкеси «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат. Өндүрүштү модернизациялоо Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы №352 токтому менен бекитилген 2026-жылдарга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер кабинетинин Иш-чаралар планынын 56-пунктунда каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

357