7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда карыздын айынан ок атылды. Кылмышка шектүү кармалды

850

12-март күнү саат 15:54 чамасында Кара-Суу шаарынын Гагарин көчөсүндө тополоң болуп жаткандыгы туралуу Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталган. Милиция барып, окуя Кара-Суу шаарынын Гагарин көчөсүнүн 12-үйүнүн алдында болгондугун аныкташып, ал жерге кароо жүргүзүлгөн.

Окуя болгон жерден кызыл түстөгү канга окшогон суюктуктардын үлгүлөрү жана сары түстөгү ок дарынын атылган эки даана гилзасы табылган. Окуядан улам жараат алган Кара-Суу шаарынын 33  жаштагы тургунуна карата соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык, соттук-биологиялык жана соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалган.

Жогоруда жыйналган иш кагаздары боюнча Кылмыш жаза кодексинин 37-беренеси, 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пунктундагы белгилери менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган.
Окуяда жабырлануучу денесинин сол бутунан жана башынын чеке бөлүгүнөн ок атуучу куралдан жараат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Ошол эле учурда кылмыштын изи суй электе Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан ок атуучу атуучу куралы менен ок чыгарган Кара-Суу шаарынын жашоочусу 36 жаштагы тургуну экендиги аныкталып, кармалып, андан МР-79-9ТМ 9мм. калибрлүү травматикалык тапанчасы жана 5 даана ок даарысы менен алынган.
Ошондой эле окуяга күбө болгондор суралган.

Алардын көрсөтмөсү боюнча 12-март күнү болгон окуяда карызын сурап барган жаран менен уруша кеткенде өзү менен алып барган ок атуучу тапанчасы менен ага карата эки жолу ок чыгарып атып салгандыгын көрсөтүп кетишкен.
Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

851