Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, генерал лейтенант Жумабек Асанкуловдун маңыздуу басып өткөн жолу, өрнөктүү өмүрү, мекенге өтөгөн барандуу ак кызматын баяндаган 2 томдук китеп жарык көрдү. Жыйнактын автору журналист жана КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бекен Назаралиевдин айтымында бул инсан өзгөчө совет доорунда жашап, ага замандаш болуп, аны көрүп калган мурунку мундун адамдары жакындан билген атактуу чекист көрүнүктүү коомдук саясий ишмер экени белгилүү. Республиканын совет доорундагы тарыхын барактарында Жумабек Асанкуловдун ысымы №1 чекист катары түбөлүкко алтын тамгалар менен жазылып калды. Кыргызстанда чекисттин өмүр таржымалын, анын басып өткөн жолун баяндаган алгачкы китептин жарык көрүшүнө Кыргыз Республикасынын баатыры, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев колдоо көрсөткөн. Китепте бир топ кызыктуу фактылар бар жана коомдогу айрым талаштуу суроолорго жооптор генерал Асанкулов жана белгилүү мамлекеттик ишмерлер менен болгон маектерде чагылдырылган. Бекен Назаралиев атактуу генерал тууралуу жана ал инсандын айланасындагы окуялар, айрым белгилүү адамдар жөнүндөгү бул эмгеги жалпы коомчулуктун кызыгуусун жаратат деген ишеничте.
Посмотреть эту публикацию в Instagram