Чүй районунун Чүй айылынын тургуну жашы жете элек кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Чүй ОИИББ билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-августта милицияга жергиликтүү тургундан арыз келип түшкөн. Ал Х. аттуу жашоочу 2017-жылдан бери 2005-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөнүн билдирген. Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.
Андан тышкары жабырлануучу өспүрүм Х.С. дагы суракка алынып, аны өгөй атасы 2017-жылдан бери зордуктап жүргөнүн, бирок коркконунан бул жөнүндө эч кимге айтпай келгенин билдирген.
«Өспүрүм кыздын айтымында, 19-августта эртең менен өгөй атасы зордуктагандан кийин үйдөн качып кеткен жана таанышына барып, баарын айтып берген. Таанышы дароо милицияга кайрылган. Шектүү – 1975-жылы туулган Х.Х. кармалып, Токмок ШИИБдин абагына камакка алынды. Учурда тергөө уланууда. Өспүрүм кыз үйүнө кайтып баруудан баш тартты. Ага байланыштуу кызды социалдык кызматкерлерге өткөрүп беришти», — деп берилет маалыматта.