7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өспүрүмдүн өлүмү: Байкесимин деп маалымат берген жаран кармалды

226

Жашы жете элек кызды издөө үч күндөн кийин гана башталат, деген милиция кызматкерине карата маалымат таратуу фактысы боюнча жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн алкагында, жалган маалыматка тиешеси бар жаран аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалган маалымат тараткан 2002-жылы туулган Нарынбек уулу Сыймык аттуу жаран болуп чыкты. Бул жаран маркумдун тууганы эмес. Буга чейин ал уурулук жана алдамчылык жасоого шектелип, жоопкерчиликке тартылган. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратуу менен ал коомчулукту адаштырган жана жабырлануучунун үй-бүлөсүнө жана жагдайларына эч кандай тиешеси жок.

Ошол эле учурда аталган жаран кылмыш тууралуу чындыкка дал келбеген ойдон чыгарылган маалыматтарды таратып, коомдогу чыңалууну гана күчөткөнү аныкталды.

Учурда Нарынбек уулу Сыймык Ысык-Көл ОИИБдин тергөө кызматына жеткирилди. Анын иш-аракеттерине тиешелүү укуктук баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды министрликтин расмий булактары аркылуу жарыяланган маалыматтарды гана алууга жана ишенүүгө чакырат.

227