7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Спартак» стадионунун 18,3 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке өттү

479

УКМК коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги 0,0713 га жер тилкесин Бишкек шаарынын мэриясынын балансына кайтарып берди.

2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары ишкердик субъектинин өкүлдөрү менен бүтүмгө келип, ар кандай оюн-зоок жайларын долбоорлоо жана куруу үчүн Тоголок-Молдо көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке бергендиги аныкталды.

Аталган жер тилкеси «Спартак» стадионунун кичи аренасынын аймагына таандык болуп, калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер болуп эсептелинген. Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын башкы планына жана Жер кодексине ылайык калктуу конуштардагы жалпы пайдалануудагы жер тилкелери жеке менчикке берилбейт.

Жер тилкесин баштапкы ээсине мыйзамсыз берүү фактысы далилденип, учурга чейин аталган жер тилкеси бир нече жолу сатылып, акыркы ээси тарабынан аянты 0,0713 га, баасы 18 300 000 сом болгон жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөрүлүп берилди.

Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

480