Бүгүн, 3-февралда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3… +2, күндүз +4… +9;
Талас жергесинде түнкүсүн -1… -6, күндүз +4… +9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3… +2, күндүз +6… +11;
Нарын аймагында түнкүсүн -16… -21, күндүз -3.. -8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3… -8, күндүз +3… +8;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1… +1, күндүз +6… +8 градус болот.



