7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Спорттун отличниги» төш белгиси Валентина Шевченкого тапшырылды

1020

Бүгүн, 29-декабрда UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине келди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында Валентина Шевченкого арналып тигилген чапанды “Кийиз дүйнө” коомдук фондусунун, салттуу билимдерди аркалап жүргөн зингер саймачы Толсун Көкөева кийгизип, «Спорттун отличниги» төш белгисин тапшырды.

Мушкер айымды маданият министри Азамат Жаманкулов тосуп алып, Кыргызстанга келиши менен куттуктады.

Спортчу айым менен эл сыймыктана тургандыгына токтолуп, жалпы кыргызстандыктар Шевченконун ар бир таймашын чыдамсыздык менен күтүп, колдоп жүргөн мекендештери бар экенинин белгиледи.

Белгилей кетсек, министр менен жолугушууга Валентинанын апасы жана машыктыруучусу да катышты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1021