“Спутник” маалымат агенттиги Баткендеги курулуш туурасында жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сурады.
Аталган агенттиктин журналисти Эламан Кармышаков, 20 жаштагы студент миллиарддаган тендерди уткан, кан күйгөн Баткендеги курулуштун артында Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кызыкчылыгы барбы деген иликтөө жасаган. Анда көрсөтүлгөн маалыматтар жалган экенин, журналист туура эмес маалымат таратканын мойнуна алды.
Шеф-редактору Эркин Алымбеков видео кайрылуу аркылуу мурдагы иликтөөсүн төгүндөп, кечирим сурады.
“Менин атым Эркин Алыбеков спутник сайтынын башкы редактору болом. Бул кайрылууну унаада тартып жатканыма кечирим сураймын. Мен азыр эле Дайырбек Орунбеков жасаган кайрылууну көрдүм. Биздин кабарчы «Эламан Карымшаков жасаган иликтөөдө жалган маалымат тараткандыгы үчүн кечирим сурасын» дептир, менин оюмча мен кечирим сурасам туура болотго. Анткени, Эламандын жасаган иликтөөсү боюнча мен баарын билгенмин. Ал иликтөө текшерүүмдөн кийин чыккан. Ошондуктан , мен кечирим сураймын.”-деди ал.