7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үстүбүздөгү жылдын январь жана февраль айларында экономикада өсүш 2 пайызды түздү

461

Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларындагы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 90 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2021-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 2 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында ИДПнын көлөмү 86 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2,8 пайызга жогорулады»,- деп айтылат маалыматта.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү январь-февраль айларына карата 47 миллиарддан ашык сомду түзгөн жана өткөн жылдын январь-февраль айларына салыштырмалуу 1,5 пайызга төмөндөгөн. Буга себеп химиялык продукциялардын резина жана пластмастык буюмдар, башка метал эмес минералдык продуктар, негизги металлдар жана даяр металлдык буюмдар, унаа жана жабдыктарды кошпогондо, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алынуучу урандыларды өндүрүү көлөмүнүн азайышына байланыштуу.

Курулуш, айыл чарба, дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта — 1,9 пайызга, айыл чарбасында – 2 пайызга жогорулап, дүң жана чекене соода жүгүртүүдө 6,3 пайызды түздү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

462