7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга чейин жогорулатты

599

Бүгүн, 10-мартта Улуттук банк башкармалыгы пландан тышкаркы отурумда эсептик ченди (негизги ченди) 400 базистик пунктка 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ички валюта рыногунда Россия Федерациясына карата киргизилген санкциялардан улам фундаменталдуу факторлор менен шартталган алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүүлүгү байкалууда. Орус рублинин алмашуу курсу бир АКШ доллары үчүн 116-120 рублга өскөн.

Кыргызстандын соода жүргүзүү жана акча которуулар жаатында соода боюнча өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз экономикалык байланышын, ошондой эле тышкы чөйрөдө улам күч алган белгисиздикти эске алганда, биздин өлкөнүн валюта рыногундагы басым сакталат.

Өз тарабынан Улуттук банк тышкы чөйрөдө жана ички валюта рыногунда түптөлүп жаткан жагдайга кылдат көз салып турат, зарылчылык келип чыккан учурда, тиешелүү чараларды колдонот. Алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында, Улуттук банк чет өлкө валютасын сатуу боюнча валюталык интервенцияларды жүргүзүп жатат жана бардык зарыл болгон жөнгө салуу инструменттерин колдонууга киргизет. Улуттук банк өлкөнүн валюта рыногунда да катышып жатат жана жетиштүү ресурстар көлөмүнө ээ – 2022-жылдын 7-мартына карата Улуттук банктын алтын-валюта камдарынын көлөмү 2,7 млрд АКШ долларынан жогоркуну түзөт (6 ай импорт көлөмүнө барабар).

Тышкы чөйрөдөгү өнүгүүнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим КРнын инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс таасирлерин азайтуу максатында кабыл алынды. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта, Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча түзөтүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат.

Ошондой эле Улуттук банк инфляцияга ички жана тышкы таасирлерге туруктуу негизде баа берип турат жана экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600