7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулда Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышы болду

310

24-мартта Стамбул шаарындагы “Атлас” кинотеатрында Кыргыз кино күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чынгыз Токтобеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары Нуралы Байтереков, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин Кино башкы башкармалыгынын директорунун орун басары Мухаммет Фарук Байрам, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат, ошондой эле кыргызстандык жана түркиялык кино ишмерлер, чакырылган меймандар жана мекендештер катышты.

Кино күндөрүнүн алгачкы күнүндө Стамбул шаарынын көрүүчүлөрүнө режиссёр Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” көркөм тасмасы сунушталды.

Белгилей кетсек, бүгүн 25-мартта кино күндөрүнүн алкагында Дастан Жапар уулунун “Качкын” тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми 26-мартта режиссёр Руслан Акундун “Бейиш 2” тасмасы менен Кыргыз кино күндөрү жыйынтыкталат.

311