7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Стамбулдагы Рами китепканасы дүйнөдөгү эң мыкты «жашыл китепкана» деп табылды

144

Түркиянын Стамбул шаарындагы Рами китепканасы 2026-жылдагы «Жашыл китепкана» эл аралык сыйлыгынын «Ири масштабдагы долбоор» номинациясында биринчи орунду ээледи. Сыйлык Эл аралык китепкана ассоциациялары жана мекемелери федерациясы тарабынан берилет.

Рами китепканасы тарыхый мурасты сактоо менен экологиялык туруктуулукту айкалыштырган долбоору үчүн 27 өлкөдөн сунушталган 62 долбоордун арасынан тандалды.

1826–1828-жылдары курулган Рами казармасы реставрацияланып, 2023-жылы китепкана катары кайра ачылган. Анын жалпы жабык аянты 36 миң чарчы метрди түзүп, 4 миң 200 адамга ылайыкталган.

Китепкананын аймагындагы 51 миң чарчы метр жер жашылдандырылган. Бул жерде жүздөгөн дарак, миңдеген бадал, биологиялык көлмө жана камыш тилкелери бар. Мындан тышкары, жаан суусу кайра пайдаланылып, күн энергиясы жана энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулат.

Рами китепканасы 24 саат иштейт. 2023-жылы ачылгандан 2025-жылдын соңуна чейин ага 8,2 миллиондон ашык адам барган.

145